АКШда аял тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады | Эркиндик Медиа

АКШда аял тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады

АКШда Веллингтон шаарынын тургуну тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады. Бул тууралуу “National Geographic Россия” кабарлады.

Ага ылайык, эки жыл мурда аял зоологиялык дүкөндөн жөжө сатып алып, аны үйүндө багып келген. Тоогу Блюнун абалы начарлагандыгын байкаган кожойкеси адистерге кайрылган. Алар канаттуунун канынан анализ алып, УЗИ, рентген жана эхокардиографиядан өткөрүшкөн. Жыйынтыгында тооктун жүрөгү ооруй турганы аныкталган.

​Ветеринарлардын көрсөтмөсүн укканда Селена Нотнагель тоогу жок жашай албай турганын айткан.

“Ал менин жанымдын бир бөлүгү. Күйөөмө “эгер Блю жакшы болбосо, анда чуңкурду экөөбүздү ылайыктап каз” деп айттым. Мен ал жок кантип жашаарымды билбейм”, — деген Нотнагель.

Канаттууга адистер операция жасаган. Медициналык процедурадан кийин Блю тамак жеп, басып, мурдагы калыбына келген. Аны дарылатууга 10 миң долларга чукул каражат сарпталганы маалым болду.