Ала-Букада уул төрөбөйсүң деп сабаган күйөөсүнө чыдабаган аялдын асынып өлгөндүгү айтылууда | Эркиндик Медиа

Ала-Букада уул төрөбөйсүң деп сабаган күйөөсүнө чыдабаган аялдын асынып өлгөндүгү айтылууда

Уул төрөбөй койдуң деп күйөөсүнөн токмок жеп асынып каза болгон аялдын сөөгүн эксгумациялоо боюнча  облустук сот токтом чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун чечиминде ачыкташты.

Алардын маалыматында , тергөөчүлөрдүн айтымында аялдын өлөр алдында күйөөсү аёосуз ур-токмокко алган. Ошондой эле сурак учурунда күйөөсү аялын уул төрөбөгөндүгү үчүн күнөөлөп, ур –токмокко алып келген. Аял уул төрөй албаганына ызаланып күйөөсүнүн токмогунан кийин асынып каза болуп калган.
“Учурда жабырлануучу тарап  комиссиялык экспертиза дайындоо жана сөөктү алып чыгууга уруксат берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган, бирок биринчи инстанция анын өтүнүчүн четке каккан », — деп айтылат соттун чечиминде. Окуя Ала-Бука районунда катталган.