Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова суракка чакыртылганы айтылды | Эркиндик Медиа

Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова суракка чакыртылганы айтылды

Мурдагы вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу Спутник Кыргызстан укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагына таянып билдирди.

Алардын айтымында, Исмаилова эртең, 26-январь саат 09:30га, ал эми Өмүрбекова саат 15:00гө чакырылды. Финпол азырынча комментарий бере элек.

Өмүрбекова 2018-жылдан 2020-жылга чейин вице-премьер болуп иштеген. Исмаилова болсо ал кеткенден кийин апрель айынан октябрга чейин бул кызматты аркалаган.

Ушул иш боюнча буга чейин өкмөттүн мурунку башчысы Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылганын айткан.

Андан мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев пандемия маалында адамдардын массалык түрдө каза болушуна премьер-министрлер жана вице-премьерлер жооп берерин айткан. Ошондой эле ал медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, тез жардам унаалары кымбат баада алынгандыгы териштирилип жатканын кошумчалаган.