Анжелика: “Артисттерге тийишпегиле! Мен жарандык милдетимди гана аткарып жатам” | Эркиндик Медиа

Анжелика: “Артисттерге тийишпегиле! Мен жарандык милдетимди гана аткарып жатам”

Ырчы Анжелика Бишкек шаардык кеңешине эмне үчүн аттанып жатканын өзүнүн катталуучуларына түшүндүрдү.

Анын айтымында, эл колдоп берсе депутат болуп, элге жардам берет.

“Балдарымдын келечегин ойлоп, аттандым! Мугалимдерге жардам бергим келет. Жаңы мыйзамдар менен жалгыз бой энелерге жардам берүү программасын ишке ашырыш үчүн”,-дейт ырчы.

Ошондой эле, ал акыйкаттын жоктугунан жана жаштардын үнү угулбай кала бергендиктен саясатка аралашууга туура келгенин кошумчалады.