Аравандагы өрт 38 жаштагы адамдын өмүрүн алды | Эркиндик Медиа

Аравандагы өрт 38 жаштагы адамдын өмүрүн алды

Кечээ, 19-январда Араван районундагы турак үйдөн өрт чыгып, 38 жаштагы адам түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык Төлөйкөн айылынын Алик-Ата көчөсүндө болгон. Өрттүн кесепетинен үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйүп кеткен. Азыркы тапта кырсыктын себеби такталып жатат.