Асылбек Жээнбеков: 10-15 миң адам көпчүлүктүн добушун жокко чыгарбашы керек | Эркиндик Медиа

Асылбек Жээнбеков: 10-15 миң адам көпчүлүктүн добушун жокко чыгарбашы керек

Парламенттин депутаты, президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков акыркы саясий кырдаал тууралуу оюн билдирди. Ал 10-15 миң адам көпчүлүктүн добушун жокко чыгарбашы керектигин айтты.

— Сооронбай Жээнбеков — азыр Кыргызстандын мыйзамдуу президенти. Эл революцияны мыйзамдуу түрдө кылышы керек. Биз азыр бийликти басып алгандарга каршыбыз. Азыр легитимдүү президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш ишин улантышы керек. Баарыбыз мыйзамдуу жол менен жашап, келечекке багыт алышыбыз керек, — деди депутат.

Ал президент Сооронбай Жээнбеков азыр Бишкекте экендигин кошумчалай кетти.