“Ата-энелер жана Интернет күнөөлүү” 2020-жылы 9 айда 72 бала өз өмүрүн кыйды | Эркиндик Медиа

“Ата-энелер жана Интернет күнөөлүү” 2020-жылы 9 айда 72 бала өз өмүрүн кыйды

2020-жылдын 9 айында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн 72 суициди катталды (50 эркек бала, 22 кыз). Мындай маалымат өкмөттүн 2017-жылдын 14-августундагы № 479 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн” 2018-2028-жылдарга карата үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасы жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун долбоорунда көрсөтүлгөн.

Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы суицид эң көп Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 12 жана Ысык-Көл облусунда – 11 катталды.

“Балдардын өз жанын кыюу фактыларынын көпчүлүгү карантиндик мезгилде, балдар ата-энелеринин жана туугандарынын көзөмөлүндө болгон мезгилде болгон, бул ата-эне менен баланын ортосундагы мамилелердин кризисин, ата-энелер менен балдардын ортосундагы түшүнүктүн жана руханий байланыштын жоктугун, ошондой эле ата-энелер арасында өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүнө туура жооп берүү көндүмдөрүнүн жана жөндөмдөрүнүн жоктугун тастыктайт. Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы терс маалыматтардын саны балдардын психологиялык абалына дагы таасир этет “, – деп айтылат токтом долбоорунда.