Аянтта саат 13: 00дөн 16: 30га чейин эмне болуп, кимдер келди? Маалымат | Эркиндик Медиа

Аянтта саат 13: 00дөн 16: 30га чейин эмне болуп, кимдер келди? Маалымат

Бүгүн, 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында бир нече партиянын митингдери өтүп жатат.

Аянтка биринчи болуп “Социал-демократтар” партиясы келди – алардын митинги саат 11: 00гө белгиленген.

Артынан – саат 12: 00дө бир эле учурда беш партия жолугушуу өткөрүү үчүн чогулушту. “Мекен Ынтымагы”, “Чоң Казат”, “Ыйман Нуру”, “Реформа” жана “Ордо” бириккенин билдиришти. Алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, аларды жараксыз деп табууну талап кылышууда.

Саат 14: 00дө “Ата Мекен” менен “Республиканын” өкүлдөрү Опера жана Балет театрынын имаратына жөнөштү.

Эркиндик Медиа сайтынын редакциясы окуянын жүрүшү менен тааныштырууну улантат.

Саат 13: 00дө аянтта канча адам болгонун, саат 16: 30да канчага көбөйгөнүн сүрөт аркылуу салыштырып көрүүнү сунуштайбыз.