Аянттагы митингде Даниель Ажиевдин атынан тамак-аш таратылууда | Эркиндик Медиа

Аянттагы митингде Даниель Ажиевдин атынан тамак-аш таратылууда

Кыргызстанда белгилүү болгон веб-камера моделдик студиясынын ээси Даниэль Ажиев дагы бир жолу өзүн эстетти. Бишкектеги “Ала-Тоо” борбордук аянтында анын атынан активисттер митингге чыккандарга аш таратышууда.

Эске сала кетсек, улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыпталып жаткан Даниэль Ажиев августтун аягында акыл-эси жайында эмес деп табылган.

Ал чуулгандуу иштин аркасында жалпы коомчулукка белгилүү болгон. Даниель Ажиев коронавирус пандемиясынан улам бийлик чукул кырдаал жарыялагандан кийин жакырларга гуманитардык жардам тараткан. Социалдык тармактын колдонуучулары аны сындап чыгышкан. Андан кийин веб-камера моделдик студиясынын уюштуруучусу кыргыз элин кемсинткен видеотасманы жарыялаган.