Бабанов саясатка кайтып келерин билдирди
Өмүрбек Бабановго бүгүн, 6-октябрда брифингде “Саясатка кайтып келдиңизби?” деген суроо берилген.
Бабанов: “Элибиз ушундай кыйналып турган кезде карап турбай, кайтып келем. Биздин партия элди алып чыкканда Бабанов сыртта турду деп жатасыңар”, – деди.
Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, былтыркы жылдын август айында кайтып келген.
Өмүрбек Бабанов 2017-жылы декабрь айында саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.