Бактыгүл Бадыева: Үй-бүлөм тынч, коркутуулардын жолдошума эч кандай тиешеси жок | Эркиндик Медиа

Бактыгүл Бадыева: Үй-бүлөм тынч, коркутуулардын жолдошума эч кандай тиешеси жок

Ырчы Бактыгүл Бадыева Инстаграмдагы баракчасына суроо жараткан билдирүүлөрдү калтырып, “мага, үй-бүлөмө бир нерсе болсо жакындарым күнөөлүүлөрдүн сүрөтүн, менин катымды жарыялайт” деген. Ырчы көпчүлүккө табышмак болуп жаткан билдирүүсү тууралуу кыскача түшүндүрмө берип, болуп жаткан ишке досунун тиешеси бар экенин айтып чыкты.

“Көңүлүмдү жакшы сөздөр менен көтөрүп, колдоо көрсөткөнүңүздөргө таазим этем! Үй-бүлөм тынч, жолдошума эч кандай тиешеси жок. Бизде баары жакшы, Кудайга шүгүр.

Буга чейинки билдирүүлөрүм менин сабырымды чектен чыгарган жанымда жүргөн дос кейпин кийген, жан дүйнөсү жарды бир айым жөнүндө болчу. “Достун дагы досу болот” деген сөзгө эми ынандым. Кеп – жүрөгүмө жакын кабыл алып сендейди дос кылган менде эмес, кеп – дос боло албаган сенде”, – деп жазат ырчы.