Балбак Түлөбаев Камчыбек Ташиевге кат жазды | Эркиндик Медиа

Балбак Түлөбаев Камчыбек Ташиевге кат жазды

Бишкек шаардык мэриясы базарлардын айланасында мыйзамсыз соода-сатык кылып жаткандарга чара көрүү үчүн УКМКдан жардам сурады. Бул тууралуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев муниципалитеттин жыйынында билдирди.

Ал аталган көйгөйдү чечип берүү үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат аркылуу кайрылган.

“Эки күн мурун Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат жөнөттүм. Мыйзамсыз соода-сатык жүргүзүп жаткандарга алым жетпей калды, жардам бериңиз деп кайрылдым. Группа жөнөтүңүз деп жатам. Базарлардагы чалгынчы кылып, акча чогултуп жаткандарга биздин күчүбүз жетпей жатат. Ошондуктан УКМКга кайрылдым”, – деди Балбак Түлөбаев.

Эске салсак, Бишкек шаарынын “Ош базарынан” тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта талкуу жаратты.