“Балыкчыга видео байкоону орнотуу” долборун ишке ашырууда бюджетке 3 млн сом зыян келтирилген | Эркиндик Медиа

“Балыкчыга видео байкоону орнотуу” долборун ишке ашырууда бюджетке 3 млн сом зыян келтирилген

Алардын айтымында, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы менен “Н.С” ЖЧКсынын ортосунда 2018-жылы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион сомго жакын суммадагы келишим түзүлгөндүгү аныкталды.Берилген маалыматтарга ылайык, бул объект боюнча аппараттык- программалык комплекстер 7 миллион сомго жакын суммага сатылып алынган, бирок аткарылган жумуштардын актысында аталган аппараттык комплекстер 2 миллион сомго көтөрүлгөн айырма менен эсептен чыгарылган.

Ошондой эле, аткарылган жумуштардын актысынын жалпы наркы КНС менен кошо көрсөтүлөт, ал эми “Н.С” ЖЧКсы жумуш тапшырылган учурда КНС төлөөчү болгон эмес жана аткарылган жумуш үчүн салыктын ушул түрүн төлөгөн эмес.

Ошентип, аталган ЖЧКнын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттин бюджетине 3 миллион сомго жакын суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда, кызмат адамдарынын катыштыгы аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.