Башкы прокуратура Алмаз Атамбаев, Аскар Шадиев жана башкалар мамлекетке канча миллиард сом зыян келтиришкенин айтты | Эркиндик Медиа

Башкы прокуратура Алмаз Атамбаев, Аскар Шадиев жана башкалар мамлекетке канча миллиард сом зыян келтиришкенин айтты

Башкы прокуратуранын жана УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу тергөө иштерин аяктап, Алмазбек Атамбаев менен Аскарбек Шадиевге карата кылмыш ишин сотко жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Алар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү, 319-беренесинин 2-бөлүгү (Коррупция), 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо) боюнча айыпталып жатат. Тактап айтканда: 

– Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоодо мамлекетке 5 439 527 482 сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирген коррупция.

– 225 000 000 сом суммасындагы кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү, ар кандай компаниялардын акцияларын жана башка материалдык баалуулуктарды алуу жолу менен 323 704 287 сом суммасына мыйзамсыз баюу;

– 7231 тонна сурьма запасы, 265 килограмм алтын жана 4246 кг күмүш менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Южный участкасындагы “Терек” сурьма кенин, 17-кварталды мыйзамсыз басып алуу. Жалпы наркы 8,255,146,455 сом.

Ошентип, А.Атамбаев, А.Шадиев жана башка адамдардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 13 694 673 937 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Учурда тергөө органдары А.Атамбаевдин жана анын жакын чөйрөсүнүн кылмыш жолу менен, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагынан алынган башка мүлктөрүн табуу боюнча чараларды көрүп жатышат.