Баткен облус аймагында милиция кызматкерлери эл алдында отчетторун берүүдө | Эркиндик Медиа

Баткен облус аймагында милиция кызматкерлери эл алдында отчетторун берүүдө

Баткен облус аймагында милиция кызматкерлери эл алдында отчетторун берүүдө.

Баткен шаарында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте элдер менен жолугушуп отчетторун берүүдө. Кызыл-Жол кварталында, Баткен шаарынын Разаков, С.Садыков көчөлөрүндө жашаган тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Негизинен коомчулук тарабынан социалдык маселелер көтөрүлүп, жолугушууга келген жергиликтүү бийликтерге өз сунуштарын айтышты. Ал эми коомдук коопсуздук маселелери, катталган кылмыштар өз учурунда ачылып жаткандыгын, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында милиция кызматкерлери өз нугунда иш алып барып жатышкандыгын айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Кызыл-Жол кварталындагы жолугушууда дайынсыз жоголгон Кожонова Мактым тууралуу жыйынтык күтүшөрүн жергиликтүү тургундар суранышты.

Эске сала кетсек, Кызыл-Жол кварталынын тургуну 1975-жылы туулган Кожонова Мактым 2020-жылдын 23-ноябрь күнү өзү жашаган үйдөн чыгып кетип кайрылып келген эмес. Бул факты Баткен ШИИБнин КЖБРне дайынсыз жоголуу деп катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы