Баткен ОИИБи: Окуучуларга окуу лекциялары өткөрүлүп, жолдо жүрүүнүн эреже тартиби окутулууда | Эркиндик Медиа

Баткен ОИИБи: Окуучуларга окуу лекциялары өткөрүлүп, жолдо жүрүүнүн эреже тартиби окутулууда

Азыркы учурда мектептер ачылып, жалпы мектеп окуучулары жолдо жүрүүдө жол эрежелерин сактоо айрыкча башталгыч класстар арасында калыптана элек. Күн сайын эрте менен мектеп ачылышына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыздоо максатында иш алып барышат.

“Мектептен үйгө, үйдөн мектепке” аталыштагы темада мектеп окуучуларына жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо кызматы тарабынан окуу лекциялары өткөрүлүп, жолдо жүрүүнүн эреже тартиби окутулууда. Мындан сырткары ушул жылдын 19-январь күнү Лейлек район аймагында жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматкерлери район аймагында “Көңүл бургула, балдар” рейдин өткөрүп, анын жыйынтыгында жол эрежелерин бузган же болбосо жол коопсуздугуна катышкан жаш өспүрүмдөр катталган жок.


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы