Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына куйган каналдын баш жагы Тажикстанга өттү | Эркиндик Медиа

Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына куйган каналдын баш жагы Тажикстанга өттү

Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына куйган каналдын баш жагы Тажикстанга өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрлик орунга талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, каналдын башы Тажикстанга берилди.

«Тилекке каршы, каналдын башы Тажикстанга өтүп кетиптир. Бул жерде бир нече стратегиялык суроолор бар. Жол боюнча дагы маселени чечиш керек. Анклавдар боюнча суроолор бар», — деди ал.