Баткендин облус башчысы Алишер Абдрахманов да кызматтан кетүүгө арыз жазды | Эркиндик Медиа

Баткендин облус башчысы Алишер Абдрахманов да кызматтан кетүүгө арыз жазды

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арызын жазды. Кабарды өкүлчүлүктүн маалымат кызматы тастыктады.

Абдрахманов иштен четтеген төртүнчү облус жетекчиси болду. Буга чейин өкмөттүн Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Эмилбек Алымкулов, Марат Мураталиев жана Балбак Түлөбаев кызматын тапшырышкан.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан. Ошондой эле аймактарда дагы митингдер уланууда.