Бек Борбиев: “Башка тилде так сүйлөй албады дегендер, акыл эсиңер ордундабы?”
Ырчы Бек Борбиев башка тилде так сүйлөй алган жок дегендерге жооп берди:
“Башка тилде так сүйлөй албады дегендер, акыл эсиңер ордундабы? Качан эне-тилдүү болосуңар? Ал силердин тил эмес. Кыргыз үчүн кыргызча сүйлөй албаган уят, шылдың иш экени сенин мээңе качан жетет”.
Эске сала кетсек, кечээ, 28-январда Президент Садыр Жапаров ант берүү аземинде башка тилде жакшы сүйлөй албаганы коомчулукта катуу талкууга алынган.