Беш айда 40 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун сырын ачты | Эркиндик Медиа

Беш айда 40 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун сырын ачты

Индияда беш айда 40 килограммга арыктаган аял салмак таштоонун сырын ачты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

32 жаштагы Саана Шеттинин айтымында, дарыгерлер анын канында кант менен холестерин жогору экенин, булар ден соолукту талкалай турганын айтканда капалана нес болгон. Кийин ал өзүн колго алып, арыктоону чечкен. Анда анын салмагы 125 килограмм болчу.

Анын айтымында, салмак таштоонун сыры жеген тамактын түрүнөн эмес анын көлөмүнөн көз каранды.

“Ченеми менен жеш керек. Тамактын порциясына тыкыр көз салып жатып кыска убакытта чоң салмактан арыла алдым. Ошондой эле азыкты жакшылап чайнап туруп анан жутуш керек”, — деген ал.

Мындан тышкары, дароо шекерден, ун азыктарынан жана вегетериандык эмес азыктардан баш тарткан. Буга кошумча жөө басып, йога менен алектенген.

Sahana Shetty