Бир суткада 6 медкызматкерден коронавирус аныкталды | Эркиндик Медиа

Бир суткада 6 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Ош шаары – 2
Ош облусунда – 2
Баткен облусунда – 2

Ал эми бир суткада стационардан 8, үй карантининен 12 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3561 учур катталды, алардын ичинен 3220 медкызматкер айыгып чыкты.