Бишкек шаарындагы шайлоочулар кайсы партияларга добуш берип, кайсынысына басым коюшту? Тизме | Эркиндик Медиа

Бишкек шаарындагы шайлоочулар кайсы партияларга добуш берип, кайсынысына басым коюшту? Тизме

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкек шаары боюнча шайлоонун алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында жалпы 233 шайлоо участогу иштеди. Учурда алардын ичинен 184 шайлоо тилкесинен добуш берүүнүн жыйынтыктары келип түштү.

Бишкек шаарында жалпы 497 миң 692 шайлоочу катталган. Алардын ичинен 219 миң 260 адам добуш берди.

Бишкек шаары боюнча партиялар алган алдын ала добуштар

«Биримдик» – 16,49%

«Мекеним Кыргызстан» – 16,45%

«Республика» – 10,45%

«Социал-демократтар» – 6,95%

«Реформа» – 6,49%

«Бүтүн Кыргызстан» – 6,12%

«Мекенчил» – 5,51%

«Ата Мекен» – 5,49%

«Чоң казат» – 4,89%

«Ыйман нуру» – 4,88%

«Баарына» – 4,52%

«Кыргызстан» – 3,55%

«Замандаш» – 2,18%

«Мекен Ынтымагы» – 1,04%

«Афган согушу жана ушул сыяктуу кагылышуулардын катышуучуларынын партиясы» – 0,42%

«Ордо» – 0,33%

«Бир бол» – 2,25%