Бишкек шаарынын аймагында 6893 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды | Эркиндик Медиа

Бишкек шаарынын аймагында 6893 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 21-январынан тартып, 28-январына чейин Бишкек шаарынын аймагында 6893 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Анын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу 77
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо 13
-Айдоочулук күбөлүгү жок авто унааны башкаруу 72
-Ар кандай жол эрежелерин бузуу 6731
Ошондой 466 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Мындан сырткары бир жума ичинде милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 52 кылмыштардын жана жоруктардын бети ачылды. Анын ичинен :
-Бейбаштык 17
-Адам өлтүрүү 1
-Уурдоо 4
-Алдамчылык 2
-Тоноо 2
– Каракчылык -1
– Зордуктоо 2
Мындан сырткары бир жума ичинде “102” кызматы боюнча жарандардан келип түшкөн ар кандай багытта 1416 чакыруулар тейленди.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы