Бишкекте электр чубалгылар уурдап качкан шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

Бишкекте электр чубалгылар уурдап качкан шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери уурдоого шектүү жаранды кармады.

2021-жылдын 14-январында 05:35 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Байтик Баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен электр зымдарын (кабель) уурдап кетти деген маалымаат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1980-жылы туулган К.Т аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 05:25 чамасында белгисиз жаран жаңы салынып жаткан курулуш имаратынан баасы 72 000 сомдук электр зымдарын уурдап качып кеткен. Ошол жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары, качып баражаткан жеринен 1995-жылы туулган Т.Ө. аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-берененин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.