Бишкекте “Карышкыр” каймана аты бар кримтөбөл кармалды | Эркиндик Медиа

Бишкекте “Карышкыр” каймана аты бар кримтөбөл кармалды

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-январда УКМКнын кызматкерлери “Альфа” атайын бөлүгүнүн колдоосу менен уюшкан кылмыштуу топтун лидери Муршалым Өмүрзаковду кармашкан.

Кармоо учурунда ал Бишкектеги Чүй проспектисиндеги үйлөрдүн биринде ижарага алынган батирде болгон.

Белгилей кетсек, Мурсалым Өмүрзаков 2020-жылы күзүндө колониядан бошотулган. Буга чейин социалдык тармактарда Өмүрзаковго “Мыйзамдагы ууру” таажысы тагылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бирок, Ички иштер министрлиги бул маалыматты четке каккан.