Бишкекте “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын мурдагы президенти кармалды | Эркиндик Медиа

Бишкекте “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын мурдагы президенти кармалды

Бишкекте “Манас Менеджмент Компани” ЖАКтын мурдагы президенти Нурсултан Белеков кармалды. Бул тууралуу «24.kg» басылмасы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Такталгандай, ал “Манас” эл аралык аэропорту” ААКда мурда ачылган коррупциялык схеманын алкагында кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, “Манас Менеджмент Компани” ЖАКы чет өлкөлүк компанияга жеңилдиктерди берип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.

Белгилүү болгондой, кылмыш ишинде Албек Ибраимов, Эмир Чукуев жана 2016-жылдан 2020-жылга чейин “Манас Менеджмент Компани” ЖАКта жетекчи болуп иштегендер фигурант катары өтүүдө.

Белгилей кетсек, Албек Ибраимов 2013-2015-ж. “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомун  башкармалыгынын төрагасы. ал эми 2015-2016-ж. “Эл аралык “Манас” аэропорту” ачык акционердик коомун директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Эмир Чукуев 2015-жылдан 2018-жылга чейин “Манас”  эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болгон.