Бишкектен УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адам кармалды | Эркиндик Медиа

Бишкектен УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адам кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы Бишкектен УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган М. Умырзаковду кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иликтөө жана ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Бул кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө кызматынын өзүнчө тапшырмасы менен ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган М. Умырзаковду кармоо боюнча операцияны жүргүзүштү.

Азыркы учурда кармалган кылмышка шектүү жаран М. Умырзаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамалекеттик кызматынын Тергөө кызматына мындан аркы ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жеткирилип берилди.