Блогердин 12 жаштагы баласы ваннага түшүп кеткен смартфондун айынан каза болду | Эркиндик Медиа

Блогердин 12 жаштагы баласы ваннага түшүп кеткен смартфондун айынан каза болду

Арт-блогер Анастасия Сосновскаянын уулу кубатталып жаткан смартфондон ток уруп, ваннада каза болду. Бул тууралуу өзү Instagram баракчасына жазды.

Каргашалуу окуя,  10-январда болгон.

“Электр тогу урган. Жуунучу бөлмөдө. Кубаттагы телефондон. Батареясы бат эле түгөнгөн кичинекей iPhone 4S курсагына бир секундга түшкөн. Уулум аны жерге ыргытууга үлгүргөн, бирок кеч болуп калды “, – деп жазган Сосновская.

Врачтар Сосновскаянын уулун 40 мүнөттө жандандырууга аракет кылышкан, бирок эч нерсе жардам берген жок.

Блоггер ата-энелерге балдарга смартфондорду мончого алып баруусуна жол бербөөнү эскертти, анткени алар канчалык коркунучтуу экендигин билишпейт.