Боронов эл менен жолугушууларын улантууда | Эркиндик Медиа

Боронов эл менен жолугушууларын улантууда

Ош шаарынын аймагында аймактык тескөөчүлөрдүн тейлеген аймактагы отчеттук жолугушуулары уланууда. Бүгүн Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы ушундай жолугушууларга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги М.Боронов катышты.

Жолугушууда аймактык тескөөчүлөр эл жана Ош ШИИБнын жетекчилигинин алдында аткарган иштери тууралуу маалыматтарды беришти. Келечекте аткрылуучу иш пландарына токтолушту. Бирок, элдин негизги көңүлү Ош ШИИБнын жетекчиси М.Бороновго багытталып, кичирайондогу бардык маселелер боюнча суроолорун, өтүнүчтөрүн айтышты. Берилген суроолордун дээрлик көпчүлүгү социалдык, тейлөө маселелерин камтыйт.

Жашоочулар аймактагы жолдун начардыгы, суу түтүктөрүн чыгаруу үчүн казылып, бирок калып кеткен чуңкурлар, кошумча трансформаторлордун керектиги, жолдорго түз себүү зарылдыгы, кошумча мектеп куруу зарылдыгына токтолушту. Жашоочулардын бири Амир-Тимур кичи шаарчасында каза болгон адамдарга мүрзө казуунун баасын казгандар тарабынан 10 миӊ сомго көтөрүлүп кеткендиги тууралуу дагы айтып, анын баасын мурдагыдай 5000 сомго түшүрүп берүүнү дагы суранышты. «Жакыны өлүп, өксүп отурган адам дагы 10 миӊ сомду каяктан табат?» деди жергиликтүү жашоочу.

Ал эми коомдук тартип боюнча кошумча патрулдук милиция кызматын, таксисттер турган жайларда көзөмөлдү күчөтүүнүн шаардык милиция башчысынан суранышты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги М.Боронов ички иштер башкармалыгына тиешелүү маселелер бүгүнкү күндүн акырына чейин чечиле тургандыгын ал эми башка маселелерди тиешелүү тармактын жетекчилерине жеткире тургандыгын билдирди.

Расмий жолугушуулардан соӊ аймактагы бир топ жашоочулар шаардык милиция башчысы менен сырта дагы Амир-Темир кичи районуна таандык бир топ маселелерди талкуулашты. Коюлган маселелер боюнча жакын арада жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте чаралар көрүлө турган болду.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги М. Бороновдун шаар жашоочулары менен жолугушуулары уланууда.

Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы