Бразилияда бир эле учурда коронавирустун эки штаммын жуктуруп алгандар катталды | Эркиндик Медиа

Бразилияда бир эле учурда коронавирустун эки штаммын жуктуруп алгандар катталды

Бразилиянын изилдөөчүлөрү бир эле учурда коронавирустун эки штаммын жуктуруп алгандарды аныктаганын РИА Новости жазды.

Улуттук компьютердик илим лабораториясынын бүтүмүнө караганда, эки бейтаптан SARS-CoV-2 жана E484K сыяктуу генеологиялык линиялары түрдүү патогендер табылган.

Эки штаммды жуктуруп алганы менен бейтаптар катуу кыйналган эмес, илдет жеңил формада өткөн. Жарандар ноябрда эле сакайып, ооруканага жаткырылган эмес.

Окумуштуулардын айтымында, Бразилиянын Риу-Гранди-ду-Сул штатында коронавирустун беш штаммы циркуляция болуп жатат. Алардын бирине буга чейин VUI-NP13L деген белги коюлган.