БШК: Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды | Эркиндик Медиа

БШК: Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов БШК 4-октябрь күнү болуп өткөн Жогорку Кеңешке  шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандыгын билдирди.

Эскертке кетсек, 4-октябрь күнү болуп өткөн парламенттик шайлоого 16 партия катышкан. Кечээ, 5-октябрь күнү Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялар митинг өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Бүгүн түнүндө митингге катышкандар Ак үйдү басып алган.