БШК: Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 20 күндүн ичинде жарыяланат | Эркиндик Медиа

БШК: Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 20 күндүн ичинде жарыяланат

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун соңку жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт.  Бюллетендер колго эсептелип бүткөндөн кийин түзүлгөн протоколдор аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилиши керек.

Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо тилкелеринен келген маалыматтарды топтойт жана арыз-кайрылууларды кабыл алат.

Андан кийин ар бир аймактык шайлоо комиссиясы эки жумадан кечиктирбестен өзүнүн аймагындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча протокол жана жыйынтык жадыбалын БШКга тапшырышы керек. Андан соң БШК 20 күн ичинде шайлоо жыйынтыгын жарыялайт.