БШКнын кызматкерлери жыйынга чогулушууда
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынына Ички иштер министрлигинен келип бардык кызматкерлерди сурак беришин талап кылган. Учурда бул боюнча БШКнын кызматкерлери жыйынга чогулушууда.
“Бир тергөөчү келди. Ал 5-октябрда орун алган баш аламандык боюнча келип сурак берсин деген кагазды көрсөттү. Муну биз басынтуу катары кабыл алабыз. Биз бүгүн кайрадан парламенттик шайлоонун датасын жарыяладык”, – деди БШКнын кызматкери Гүлнар Курашбековна.