БШКнын төрайымы: Быйыл биринчи жолу шайлоого катышып жаткан жарандарга Конституция белекке берилди | Эркиндик Медиа

БШКнын төрайымы: Быйыл биринчи жолу шайлоого катышып жаткан жарандарга Конституция белекке берилди

Быйыл биринчи жолу шайлоого катышып жаткан жарандарга Конституция белекке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

“Парламенттик шайлоого жаш шайлоочулар катышты. Быйыл биринчи жолу шайлоочулардын тизмесине 67 миңден ашык 18 жашка толгон жарандарыбыз катышты. Ар бир жаш шайлоочуларга Конституцияны белекке бердик”, – деди ал.