БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетүү боюнча ниети колдоо тапкан жок | Эркиндик Медиа

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетүү боюнча ниети колдоо тапкан жок

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кызматтан кетүү ниетинде болгон, бирок БШКнын мүчөлөрү андан баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

«БШКнын төрайымынын отуруму бар. Шайлдабекова кызматтан кетүү ниетин билдирди. Бирок БШКнын мүчөлөрү колдогон жок. Ал саясий жоопкерчиликти өзүнө тарта тургандыгын айтты», – деди Осмоналиев.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп, анын жыйынтыгында 4 партия Жогорку Кеңешке шайланды. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп, эл митингге чыгышты. 12 партия шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, жаңыларын дайындоого чакырды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үй менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алышты.