“Бычак менен сайып…” Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип, аял кармалды | Эркиндик Медиа

“Бычак менен сайып…” Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип, аял кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармады.

2021-жылдын 25-январда Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Каракум көчөсүнүн үйлөрүнүн биринде кишини бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1980-жылы туулган Б.В. аттуу жаран бычактан жабыркап, 4-ооруканага алып кеткендиги белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1959-жылы туулган Б.Т. аттуу аялды кармашып, Биринчи Май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи Май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.