Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелери 5-октябрь саат 06:00гө чейин иштейт | Эркиндик Медиа

Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелери 5-октябрь саат 06:00гө чейин иштейт

5-октябрда саат 06:00дө чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы жабылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттерде жалпы 45 тилкеси даярдалган. Алардын алгачкысы Бишкек убактысы боюнча бүгүн 03:00дө ачылган.

“Чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелеринин акыркысы Вашингтондо 5-октябрда саат 06:00дө жабылат. Ошондуктан чет жердеги жарандардын шайлоого катышуусу тууралуу маалыматты, маалыматтын келиши менен берилип турат”, – деди ал.

Белгилей кетсек Кыргызстанда парламенттик шайлоо бүгүн саат 08:00дө башталды. Шайлоого 16 саясий партия катышууда.