Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унааны айдоочусу менен куткаруучулар чыгарып беришти | Эркиндик Медиа

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унааны айдоочусу менен куткаруучулар чыгарып беришти

Чүй облусунунАламүдүн районунда кечээ, 27-январь күнү саат 17:20да Лебединовка айылынын Береговая көчөсүндө “Фольксваген Пассат” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу КР ӨКМ Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болгон эмес.

Жерине КР ӨКМнин Суучулдар кызматы 5 суучул тартылып, унааны жеке менчик крандын жардамында чыгарып ээсине өткөрүп беришкен.