Чолпонбек Абыкеев: Эгер бүгүнкү шартта жашообузду улантсак, анда жакынкы 100 жылда улут катары жок болобуз | Эркиндик Медиа

Чолпонбек Абыкеев: Эгер бүгүнкү шартта жашообузду улантсак, анда жакынкы 100 жылда улут катары жок болобуз

Эгемендүүлүккө жеткенибизге 30 жыл болсо да улуттук нар-салтыбызды бекемдей албай чайналып келе жатканыбыздын түпкү оорусу да так ушул жакта жатат. Мындай пикирин жазуучу Чолпонбек Абыкеев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Улуттук нарк-салтка кайтуунун оор жолу.

Кыргыз улуту аталганыбыз менен улуттук жүзүбүздү жоготуп баратканыбыз айныгыз чындык. Улуттук жолдон тайуу, улуттуктан ажыроо процесси тээ 300 жылча илгери эле башталган. Бүтүн мамлекет болуудан айрылып, майдаланып, уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнгөн жашоого өткөндөн баштап улуттук уюган нарк-салт кетилип жешиле баштаган. 1916-жылдагы кыргында улут катары таптакыр жок болуу чегине жеткенбиз. Жараткан Кудайдын боору оорудубу, же тарыхтын табыгый жүрүшүндөгү кырдаалга туш келдикпи кыскасы коммунистер бийликке келип Кыргыз улутунун сакталып кайрадан тириле башташына дем берилди. Көптөгөн жылдар алсырап, жок болуу жолуна түшкөн улут ошол кырдаалда кандагы сакталган нарк-салтынан башка да орус улуту аркылуу келген түшүнүктөрдү кабыл алуусу мыйзам ченемдүүлүк эле. Бир эле мисал, ошол кездеги интеллегенциянын өкүлдөрү орус үлгүсүндө кийинип, орус тилин кошуп сүйлөш моодага айланган. Коммунистердин аркасы менен 70 жылда сабаттуулугубуз дээрлик 100 пайызга жоюлуп, дүйнөлүк илим-билимден кабардар болуп өсүп-өнүп, чындыгында жок болуп кеткен мамлекеттүүлүгүбүздү кайра түптөдүк. Мамлекеттүүлүктүн баардык белгисин орнотууга жетиштик. Анан эле эгемендүүлүк асмандан келип «шалак» – деп үстүбүзгө кулап түштү. «Жок. Албайбыз» – дегенибизге да болгон жок. «Каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы башка аргаңар жок. Өз алдынча эгемен мамлекетсиңер. Мындан ары өз оокатыңарды өзүңөр кылгыла» – дешти да дүйнөдөгү эң чоң империя болгон СССР дин курамынан кууп чыгып ташташты. Ошентип 30 жылдан бери «Эгемен мамлекетпиз» – деп өз оокатыбызды өткөзүп келе жатабыз. Эгемендүүлүк асмандан түшүп жеңил тийди. Бирок, эгемендүүлүктү сактап алып кетүү оор болууда. Мамлекетти башкарып кетүү, эгемендүүлүктүн баркын толук билүү, мамлекеттүүлүктүн сырын билип аны бекемдөө, мамлекеттин атын алып жүргөн улуттун нарк-салтын коргоп аны калыбына келтирүү үчүн иш алпаруу жагынан жетиле элек өксүк, түшүнүгүбүз жетпеген жактарыбыз көп экенин көрсөтүп келе жатабыз.

Мен эми темабызга ылайык улуттук наркка кайтуунун оор жолу тууралуу кеп кылайын. Улут катары жок болуу чегине жеткенде күтүүсүз коммунистик идеологиянын күчү менен орустар кол сунуп 99 процент сабатсыз караңгы элди сабаттуулукка жеткисип чоң жакшылык кылып, бирок, улут катары жок болуу жолуна салышкан эле. Бул чынында коммунистердин эмес кийинчерээк пайда болгон орус шовинистердин идеологиясы болчу… Өзгөчө акыркы 40 жылга чукул убакытта жүргүзүлгөн идеология өз жыйынтыгын берип Кыргыздар улуттук нарк-салтан адашуу жолуна түшкөн. Мындай саясаттын жүрүшү ар бир адамдын писихологиясына да күчтүү таасир берген. Эң башкысы Кыргыздар Кыргыз тилин толук түшүнүүдөн. Анын маңызына маани берүүдөн. Кыргыз тилинин кылым карыткан күчтүү таасирин туура колдонуудан ажырай баштаган. Кыргыз сөзүнө ишеним азайып ал жан дүйнөдөн чыга баштаган. Бул улут үчүн өтө коркунучтуу. Улут катары жок болуу жолуна түшкөндүктүн белгиси. Бекер жеринен «Кыргыздарга орусча айтмайын ишенбейт» – деген сөз чыккан эмес.

Эгемендүүлүккө жеткенибизге 30 жыл болсо да улуттук нарк-салтыбызды бекемдей албай чайналып келе жатканыбыздын түпкү оорусу да так ушул жакта жатат. Коммунисттик иделогияны бурмалап өздөрүнө ылайыктаган орустардын шовинистик иделогиясы бизди таштап кеткенден кийин өз алдыбызча эгемен мамлекет катары ошол замат улуттук идеологиябызды бош калган орунга орунотпой ал боштукту кароосуз калтырдык. Анан эмне болду? Ал боштукка сырттан ар түрлүү агындылар агып кирип, акыр-чикирдин баары толуп алып коомго таасирин бере баштады. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ошол акыр-чикирди тазалоо аракетин мамлекеттик денгээлде көрө элекпиз.

Коомдо жашаган адамдарда писихологиялык өксүк кемчилик деген болот. Ошол өксүк писихологиялык кемчилик кыргыз тилине катуу таасир берген. Мурда кыргыздар орусча сүйлөгөндү мода көрүп, орус тилин кошмоюнча сүйлөбөй көнсөк эми анын ордун арап тили ээлеп баратат. Болгону аны ислам динине шылтап коючу болдук. Динге шылтабай арапча кошуп сүйлөй баштасак одоно болмок да эч ким кабыл албайт эле. Исламга шылтап арап тилин киргизүү орустардын шовинизим идеологиясынын оордун ээлеп жымылдап кирип тилге кошулуп жакынкы чыгыштан салтын, ал түгүл кийген киймин да киргизүү барган сайын күчөп баратат. Эгер ушул бүгүнкү шартта жашообузду уланта берсек анда жанагы БУУнун эксперттери чыгарган чечим туура чыгып жакынкы 100 жылда улут катары жок болобуз.

Эмне кылуу керек? Биринчи улуттук идеологиябызды орнотуп жанагы сырттан кирген акыр-чикирди толук тазалашыбыз керек. Кыргыз улуттунун кылымдарды карыткан нарк-салтын бекемдеп, тыштан башка кайсыл бир улуттун нарк-салты баш багып да кире албагыдай денгээлде жеткизүүбүз керек. Кыргыз тилинин баркын көтөрүп ар бир кыргыз кыргыз тилинин терең маани-маңызын түшүнүп сүйлөй билишине жетишүүбүз керек.

Мен көп жазып жүрөм. «Кыргыздар кыргызча сүйлөп, бирок кыргызча түшүнбөй баратабыз» – деп. Мен буга Конституциялык кеңешмеге мүчө болуп иштегенимде дагы бир жолу толук ишендим. Кыргыз тилинин так маныз-маанисин катардагы карапайым элди кой, илимдин кандидат, догдорлору да түшүнбөй калыптыр. Мен Баш мыйзамдга «нарк-салт» – деп киргизген сөзүмдү кайра «каада-салт» – деп оңдоп коюшат. Арга жок «лекция» окушка туура келди. «Каада» – деген түшүнүк бул улуттук жүзгө убактылуу кирүүчү таасир. Маселен, «Каадаланып калыптыр» – деп коюшат. Кийинки учурларда кыз узатууда, куда тосууда «Түштөндүрмөй» деген кирди. Бул «Аш көп болсо каада көп» – дегендей каадага кирет. Мурда жок болчу. Убактылуу пайда болду. Эртең кайра жок болуп кетиши мүкүн. Анан «Үрп-Адат» – деген сөз бар. Бул да убактылуу пайда болуп кайра жок боло берүүчү түшүнүк. Улуттук уюган мүнөзгө кирбейт. Маселен «Жаман адат калабы уйга жүгөн салабы» – деген лакап бар. Кыргыздардын айрымдарынын жалкоолугу, кайдыгерлиги, «Жаман адат катары» мүнөздөлөт. Мисалга мурда орусча кошуп сүйлөгөндү моода көрсөк, бүгүн арапча кошуп сүйлөсөк кыйратып койгонсуп корстон болуп компоюп калабыз. Бул да жаман «адат». Улуттук мүнөзгө анда санда жабышып анан кайра жок болуп турган нерселерди «адат» – деп койсок болот.

Улутту улут кылып бекем сактаган күч бул нарк-салт. Нарк салтынан тайып аны жогото баштаган улут акыры жок болот. нарк-салт, тил бул улуттун жүзү. Жүзүңдү жоготсоң өзүңдү жоготосуң. Бүгүн ушул улутту сактоочу үч мамыга, өзөккө толук кайтуунун. Аны өз ордуна орнотуунун оор жолунда турабыз. Орнотсок келечекте улут катары сакталабыз. Орното албасак анда 100 бү же 150 жылбы акыры жок болобуз», – деп кошумчалаган ал.