Чолпонбек Абыкеев: “Учурунда Акаев да, Бакиев да мыйзам диктатурасын орното алган эмес” | Эркиндик Медиа

Чолпонбек Абыкеев: “Учурунда Акаев да, Бакиев да мыйзам диктатурасын орното алган эмес”

“Мыйзам диктатурасы кантип орнойт? Буга чейин бир да президент орното алган эмес.Иындай пикирин жазуучу Чолпонбек Абыкеев билдирди.

“Президентибиз Садыр Жапаров “Мыйзам диктатурасын орнотобуз” деди. Изги тилек. Учурунда А.Акаев, К.Бакиев дагы айткан. Бирок бири да орното алган эмес. Тескерисинче мыйзамсыздыкты күчөтүшкөн. Эмне үчүн? Бир аз лирикалык чегинүү кылайын. Кытайлардын ”Ипериянын жаралышы” деген мыкты чыгармасы бар.

Кыскартып айтсам жаш император бийликке келгенде “Мамлекеттик башкаруу реформасын жасайм” дейт. Ордодо иштешкендердин бири да реформаны кантип жасашты билбейт. Ошондо тоодо өзүнчө жашап китеп жазып жүргөн акылманды алдырат. Акылман императордун сөзүн угат да мындай дейт “Менин Сизге сунушум “Мамлекеттик реформа жасайм” деп өз башыңызды тозоктун түйшүгүнө салбай эле коюңуз. Сиз императордун баласы болосуз. Төрөлгөндөн эч нерседен кем болбой эрке өстүңүз. Кыйынчылык көргөн жоксуз. Реформа жасоо деген тозоктун отун кечкенге барабар иш. Сиз биринчи эле кыйынчылыкка урунганда чалкаңыздан кетесиз. Баары убакыт короткон бекер убаракерчилик болот. Болбой турган ишке баш оорутпай жаш экенсиз ордодогу гаремдериңиз менен жыргап жашоо өткөрө бериңиз” дейт. Тоодон түшүп келген дербиштин императорго карата айтылган мындай орой сөзү үчүн кошоматчы кеңешчилери “Башын алалы” дешет. Император “Реформа жасайм” деген оюнан кайтпайт. Ошондо тигил акылман “Макул мен реформа жасоонун жолдорун иштеп чыгайын да аны ишке киргизүүгө жардамдашайын. Бирок биринчи эле тоскоолдукка учурап сиз оюңузду өзгөрткөндө мен баарын жыйыштырып астыңызга таштайм да өзүмдүн тоомо кетем. Сиз мени бошотосуз” деп убадалашат. Ишти мыйзамдарды өзгөртүүдөн башташат. Мамлекетте реформалык иш кызуу жүрүп, далайлар андан жапа чегип, мыйзамдуулук күчөп, мыйзамсыз жашоого көнүп калгандардын нааразычылыгы күчөп, ал түгүл элдик толкундоолорду уюштуруу аракетери көрүлө баштаган маалда императордун агасы, мамлекеттин коргоо министри күнө кетирип мыйзам боюнча анын мурдун кесиш керек болот. Императордун агасы алгач өзүнүн жаза тартаарына ишенбейт. Жазасыз калбашын түшүнгөндө “Мурдумду эмес колумду кескиле” дегенге өтөт. Жаза аткаруучу ага көнбөйт. Ошондо император инисине арызданып барса ал баягы реформатырды чакырып “Агамдын мурдун эмес колун кескенге тууралап мыйзамды өзгөртпөйсүңбү?” дейт. Ошондо унчукпай чыгып кеткен реформатор императорго бүт жаңы жазылган мыйзамдарды кайра көтөрүп кирип астына таштайт да.

“Мына мен Сизге эмнени айттым эле? “Реформа жасаш колуңуздан келбейт”- дебедим беле. Күнөкөр сиздин агаңыз болгону үчүн “мыйзамды өзгөрт” деп атасыз. Эгер башка адам болсо жаза токтоосуз аткарылмак. Эгер мыйзам Сиздин жакындарга келгенде иштебей карапайым башкалар үчүн иштей турган болсо ал мыйзам эмес. Мыйзам деген катардагы кайырчыдан императорго чейин бирдей күчтө иштеши керек. Ошондо ал мыйзамдык күчүнө ээ болот. Мыйзамга ушундай күч бере албасаңыз анда Сиз реформа жасай албайсыз. Ушул сааттан баштап мамлекеттеги жүргүзүлүп аткан реформа токтоду деп эсептеңиз. Мен болсо тоомо кеттим”- деп чыгып жөнөй турган болот. Император аны токтотуп мыйзам талабындагыдай агасынын мурдун кестирүүгө буйрук берет. Жаза эл алдында аткарылат. Муну көргөн эл “Биздин император калыс адам тура, “Мыйзам кайырчыдан императорго чейин бирдей иштейт”- дегени чын экен”- дешип. көкүткөндөрдүн тилине кирбей көтөрүлүшкө чыкпай коюшат. Ушундай өтө оор реформалык иштер менен бүгүнкү Кытай империясы түптөлүп бир мамлекетке айланат.

Бүгүн Кыргыз мамлекети так ошондогудай кырдаалда турат. Мамлекетте жаңы реформалар башталаар босогосунда турабыз. Реформаны ооз менен “Жасайм”- деп айтып коюш оңой ал эми аны аткарыш тозоктун отун кечкенге барабар. Өзгөчө Кыргызстанда. Биз элинин саны аз. Чакан мамлекетпиз. Сураша келсек эле тууган чыгабыз. Акыркы 30 жыл ичинде коом өтө бузулду. Мамлекеттин, элдин казынасынан колуңдун жетип алыңдын келишинче уурдоо, ар кандай жолдор менен кызмат абалыңдан пайдаланып, мункунчулугуң жетишинче ылайыгы келсе эле пара алуу катардагы жашоо образыбызга айланды. Мамлекете салык төлөштөн качмай, кош бухгалтерия иштетмей, бажыдан он машина товар өтсө экиси мамлекетке сегизи чөнтөккө кетмей экенин баарыбыз билебиз. Бүгүн ушул отуз жыл көнүмүшкө айланган жашоону Садыр Жапаров “Өзгөртөм”- дейт. Колунан келеби? Же тигил Кытай акылманы айткандай биринчи эле кыйынчылыкта чалкасынан кетип өтө жакын адамы жазаланыш керек болуп калса “Мыйзамды өзгөртөлү”- дейби? Муну келечек көрсөтөт. Мыйзам диктатурасын орунотуп коюш бир чети өтө оңой иш. Эгер Сталиндей карамүртөз болсоң.

Мыйзам диктатурасын орунотуу таптакыр болбой турган иш эгер мыйзам бийликтин төбөсүндө отургандарга, алардын жакындарыңа иштебей карапайым калкка иштесе. Качан мыйзам диктатурасы орунойт? Адамдар кандай кырдаалга кабылса да мыйзамдан калканыч, коргоо издей баштаса анда мыйзам диктатурасы оруногон болот. Бүгүн коомдогу жашагандар башына иш түшсө тааныш, бийлике таасир бере ала турган белгилүү адам издешет. Мыйзамдан коркушпайт. “Кырышовайт” эткен таанышы жок калуудан коркушат. “Каралар” аталгандар баардык ишкерлерден, оокатуулардан салык алышат. Кичине иши жүрүшүп акчалуу болгондор жансакчы ээрчитип жүрүшөт. Бул эмнеликтен? Анткени Кыргызстанда мыйзамдар дээрлик иштебейт”, –  дейт Абыкеев.