Чукул жыйында депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок | Эркиндик Медиа

Чукул жыйында депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок

Жогорку Кеңештин депутаттары 7-октябрда Бишкектеги мейманкалардын биринде чукул жыйын өткөрүштү. Бул жыйынга 40 депутат келген. Кворум чогулбай калгандыктан депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок.

Жыйында парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу, анда премьер-министрликке талапкерди сунуш кылуу жана президентке импичмент жарыялоо маселелери талкууланды. Бирок жыйындын катышуучулары бир пикирге келе алышкан эмес. Рыскелди Момбеков айрым депутаттар жеке кызыкчылыгы үчүн, кээ бирлери коркуп жыйынга келбей жатканын айтты.

Спикерликке шайланган Мыктыбек Абдылдаев жыйындан кийин «Азаттыкка» комментарий берип жатып жакын арада парламент жыйналып, өлкөдө кырдаал жөнгө салына турганын маалымдады. Абдылдаев маселе «бир же бир жарым суткада чечилип калат» деп кошумчалады.

Жыйынга катышкан депутаттардын бири Элвира Сурабалдиева Абдылдаев президентке импичмент жарыялоо тууралуу сунушка кол койбой койгонун билдирди.

Өз кезегинде Мыктыбек Абдылдаев «депутаттар маселени карай турган болсо аны адегенде күн тартибине киргизиш керек» деген жооп кайтарды.