Дастан Бекешев менен Бактыбек Раимкулов жыйында сөгүшө кетти | Эркиндик Медиа

Дастан Бекешев менен Бактыбек Раимкулов жыйында сөгүшө кетти

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев  менен Бактыбек Раимкулов бүгүнкү жыйында отуруп сөгүшө кетти.

Жыйын учурунда Райымкулов Бекешев отурган жерге келип сүйлөшүп турган, анан эле катуу кыйкырып бири-бирин сөккөнү угулду. Экөө тең оозго алгыс сөздөрдү айтып, андан кийин Райымкулов өзүнүн ордун карай басып кетти.

Көп өтпөй Райымкулов ортоңку микрофонго чыгып, бейөкмөт уюмдардын бюджетин ачыктоо боюнча мыйзам долбоору эки окуудан өтүп токтоп калганын, ошону үчүнчү окууга чыгарып берүүнү сурады. Ал батышчыл адамдар ар кандай митингдерди уюштуруп жатканын белгиледи.

Жаңжал эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

Бүгүнкү жыйында Бекешев “кээ бир депутаттар коррупционерлерди колдоп митингге чыгып, бул жакта бийликке жагалданып, эл алдында башкача сүйлөп жүрөт” деп айтып чыккан.

Ал эми Бактыбек Райымкулов 28-февралда Ош шаарында Райым Матраимовду колдоо митингине катышып сөз сүйлөгөнү белгилүү.