Дастан Бекешев: «Президент түз эфирде COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек» | Эркиндик Медиа

Дастан Бекешев: «Президент түз эфирде COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек»

«Биринчилерден болуп президент, спикер, премьер-министр түз эфирде COVID-19га каршы эмделип элге үлгү болуп бериши керек. Ошондо, вакцинага элдердин ишеними арта баштайт», – деп бүгүн, 21-январда депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында билдирди.

Эл экүлүнүн айтымында, учурда коомдо коронавируска каршы вакцина боюнча көптөгөн пикир келишпестиктер болуп жатат.

«Баарбызга маалым болгондой эле, кээ бир мамлекеттер вакцина чыгарып жатышат бирок, алардын жетекчилери вакцинаны колдонушпайт.

Өкмөт Pfizer вакцинасы Кыргызстанга ылайыксыз, аны сактай турганга муздаткыч жок, дагы 2 миллион доллар керек деп жатат. Бирок, чынын айтканда, андан башка вакциналар көп, мисалы, кытайлык вакцина, «Спутник V», – деди ал.

Бекешевдин пикиринде, инаугурациядан кийин жаңы президент бизге кайсы вакцина керек экендигин өзү айтып, биринчи өзү эмделиши керек.