Депутат: 29 жаштагы айыл чарбаны түшүнбөгөн баланын сунушу менен малды экспортко чыгарууга бөгөт койгонуңар туура эмес | Эркиндик Медиа

Депутат: 29 жаштагы айыл чарбаны түшүнбөгөн баланын сунушу менен малды экспортко чыгарууга бөгөт койгонуңар туура эмес

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.

Депутат Азамат Арапбаев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев тууралуу сөз сүйлөдү. “Буга чейин иштеп келе жаткан айыл чарба министри жаш жигит. Кечээ жакында жандыктарды сыртка чыгарууга бөгөт койду. Ошол туурабы?” – деп сурады депутат.

Марипов: “Ал министр боюнча менин оюм жакшы. Кечээ чыксам журналисттер Токтогазиев кайда барат деп сурап жатышат. Тажрыйбасы колдонулат. Анын жасаган ишин эки жактуу караш керек”, – деди.

Депутат: “Бизде 65 пайыз айылдын тургуну. Айылдын турмушун жакшы билесиз. 29 жаштагы айыл чарбаны түшүнбөгөн адамдын ою менен жандыктарды экспортко чыгарууга бөгөт койгонуңар туура эмес”, – дейт.