Депутат Кубанычбек Жумалиевди колдоо митинги өтүүдө | Эркиндик Медиа

Депутат Кубанычбек Жумалиевди колдоо митинги өтүүдө

Бишкекте депутат Кубанычбек Жумалиевдин башкоргоо чарасы каралууда. Соттун имаратынын алдына анын 30дан ашуун тарапташы митингге чыкты.

Алар колдоруна “Кубанычбек Жумалиевге боштондук”, “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген өңдүү плакаттарды кармап турушат.
Кубанычбек Жумалиевге “Алдамчылык”, “Мыйзамсыз баюу”, “Коррупция”  беренелери менен кине коюлуп, кармалган болчу.