Депутат: Мектеп, оорукаларга 5-10 млн сом бөлүнбөй, курулушу токтоп турса, мындай өзүн-өзү бага албаган каналдардын эмне кереги бар? | Эркиндик Медиа

Депутат: Мектеп, оорукаларга 5-10 млн сом бөлүнбөй, курулушу токтоп турса, мындай өзүн-өзү бага албаган каналдардын эмне кереги бар?

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында «Пирамида» медиахолдинги менен «5 канал» жабык акционердик коомуна 20 млн сомдон 40 млн сом бөлүп берүү маселеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Каржы министри Кыялбек Мукашев белгилегендей, аталган эки телеканалда иштеген кызматкерлерге 2020-жылдын декабрь айы үчүн айлык акы толук төлөнгөн эмес. Себеби бюджеттен каралган акча жетпей калган. Андыктан декабрь айына кошумча акча суралып жатат.

Маалыматтык колдоо максатында ачылган эки телеканалга өкмөт жыл сайын 20 млн сомдон колдоо көрсөтүп келет.

Талкууда депутат Осмонбек Турдумамбетов эки телеканалды каржылоону токтотуу керек деген пикирин билдирди.

«Элдин эң олуттуу мектеп, оорукана куруу сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей жатса, аларга 5-10 млн сом бөлүнбөй, курулушу токтоп турса, мындай өзүн өзү бага албаган каналдардын эмне кереги бар?», – деп суроо салды ал.

Ошондой эле депутаттар аталган телекомпаниялардын жарнамадан түшкөн кирешеси боюнча сурашты.

Маалым болгондой мамлекеттик телеканалдардын атайын эсеби жоюлган жана жарнамадан түшкөн акча мамлекеттик бюджетке чегерилет. Тактап айтканда телекомпаниялар тапкан акчасын өздөрү керегине жумшай албайт жана кирешесин көбөйтүүгө кызыкдар болбой калышкан. Учурда атайын эсепти телекомпанияларга өздөрүнө кайтарып берүү маселеси каралууда.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Ильязбек Балташев «5 каналдын» жалпы жонунан 82 млн 484 миң сом карызы бар экенин белгилеп, жетекчилеринин айлыктары тууралуу да маалымат берди.

«5 каналдын» башкы директору 74 миң сом, башка жооптуу кызматкерлери да 61 миң, 49 миң сомдон айлык алып жатат. «5 канал», «Пирамида», «ОшТВ» деген каналдар мамлекеттик мүлк фондуна карап, жетекчилерин да ошолор дайындайт. Биз эч кандай сунуш бере албайбыз», – деди И.Балташев.

Талкууда бир катар депутаттар кыйын учурда мамлекет өзүнө ашыкча жүк тартып жүрө бербеши керектигин белгилеп, талкууга түшкөн эки телеканалдын келечегин аныктоо сунушун беришти.

Депутат Улан Примов бул маселе 2011-жылдан бери чечилбей келе жатканынан улам сунуштарды токтомго бекитип кетүү керектигин белгилеп, телеканалдарды сатууну сунуштады.

Жыйынтыгында 2 телеканалдын тагдыры бир өңчөй болуп чечилгенче суралып жаткан 40 млн сомду бөлүп берүүгө макул болушту.