Депутат: Мигранттардын Орусияга кетүүчү жол акысын төлөп берели | Эркиндик Медиа

Депутат: Мигранттардын Орусияга кетүүчү жол акысын төлөп берели

Кыргыз өлкөсүндө пандемиянын кесепетинен 500 миңге жакын адам жумушсуз калган. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Орусиядагы бош жумуш орундарынын тизмесин жарыялаган.

“Азыр бизде 500 миңге жакын адам жумушсуз отурат. Собянин аларга жумушчулар жетишпей жатканын айтса, биз билеттер боюнча маселени чече албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып поездде балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек. Орустун акчасын – 5-10 миллиард рубль алып, балдардын билетин алып берели. Бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй кылып. Милициянын маалыматы боюнча, азыркы тапта уурулук көбөйүп жатат. Албетте, эл ачка калса – уурдайт да”, – деди Акылбек Жапаров.