Дональд Трамптын жубайы АКШ элине биринчи айым катары коштошуу сөзүн сүйлөдү | Эркиндик Медиа

Дональд Трамптын жубайы АКШ элине биринчи айым катары коштошуу сөзүн сүйлөдү

Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп АКШнын жарандарына өлкөнүн биринчи айымы катары акыркы сөзүн сүйлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мелания Трамп “биринчи айым” статусу жана АКШ элинин атынан дүйнөлүк коомчулукка чыгуу мүмкүнчүлүгү анын жашоодогу эң чоң сыймыгы болгонун айтып, тартипти жана коопсуздукту сактагандыгы үчүн укук коргоо органдарына ыраазычылыгын билдирди.

Ал Ак Үйдө өткөн төрт жылы унутулгус болгонун дагы кошумчалады. Ошондой эле ал коронавирус пандемиясы учурунда этият болууга үндөп, карантин учурунда кызмат кылган медициналык кызматкерлерине ыраазычылыгын айтты.

“Мен ата-энелер балдарын мыкты жана кайраттуу болууга, биздин өлкөнү эркиндиктин өлкөсүнө айлантуу керектигин айтып тарбиялашат деп чын жүрөгүмдөн ишенем”, – деп билдирди кайрылуусунда.

Мелания биринчи айым катары өз ишмердүүлүгүндө жаш муундардын кызыкчылыктарын, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жашоо-шартын жакшыртуу маселесин көзөмөлгө алгандыгын кошумчалады. Ал балдардын бакубаттуулугун, интернеттеги коопсуздугун жана башка көйгөйлөр алардын ишинин негизги багыттары катары болгонун белгиледи.