Эльдар Абакиров: “Коррупционерлердин кармалышы экономиканын өсүшүнө эч кандай пайда алып келбейт” | Эркиндик Медиа

Эльдар Абакиров: “Коррупционерлердин кармалышы экономиканын өсүшүнө эч кандай пайда алып келбейт”

Өлкөнү сазга батырган паракорлор кармалган күндө дагы натыйжасы экономиканын өсүшүнө жол ачпайт. Мындай пикирин Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров билдиргенин жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн конкреттүү иштерди аткарыш керек.

«Октябрь айынан бери экономиканын өсүшү үчүн эч кандай чечкиндүү чаралар аткарылган жок. Эми паракорлор менен уурулардын кармалып жатканын күн ара көрүп жатабыз. Бирок, булардын кармалышы экономикага эч кандай таасир бербейт.

Экономиканын өсүшү үчүн башка нерселерди аткаруу керек:

Алсак, ишенимдүү, туруктуу, таза бийлик керек. Ишенимди сөз менен эмес, иш менен далилдеш керек», – дейт Абакиров.