Элвира Сурабалдиева: “Кызмат убактылуу экенин билгем жана өкүнбөйм” | Эркиндик Медиа

Элвира Сурабалдиева: “Кызмат убактылуу экенин билгем жана өкүнбөйм”

Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министр кызматынан кетиши боюнча комментарий берди.

Ал журналисттерге кырдаал боюнча комментарий бере элек, бирок Твиттерге чакан билдирүү жазып чыкты.

Сурабалдиева каттар жана документтер менен ишти бүтүрүп жаткандыгын жазган. Жакынкы аралыкта ал вице-премьер-министрдин кызматындагы иши жөнүндө отчет берет.

Ал бул мезгилге өкүнбөгөнүн жана бул кызматта көпкө иштебей тургандыгын алдын ала билгендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, көпчүлүктүн парламенттик коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырган. Ал өкмөттүн структурасын жана курамын тааныштырды, анын курамына Эльвира Сурабалдиева менен Тилек Токтогазиев көрсөтүлгөн эмес.

Эльвира Сурабалдиева о своем смещении: Знала, что временно. И не жалею